Көбүнчө нымдуу коңул жерлерде кездешүүчү сегиз буттуу боз курт. Узуну 1–50 мм келген.
Жаман-жакшыны, кыйынчылыкты көп көрө элек, кагыла элек. Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп жатат, - деди Бейшебаев сөзгө кошулуп («Ала-Тоо»). Эшек курту мурдунан түшө элек мадыра баштын кылганын карабайсыңбы! (Саатов).
Жаман-жакшыны, кыйынчылыкты көп көрө элек, кагыла элек. Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп жатат, – деди Бейшебаев сөзгө кошулуп («Ала-Тоо»). Эшек курту мурдунан түшө элек мадыра баштын кылганын карабайсыңбы! (Саатов). В.: Эшек курту түшүү. – Кеттик, Абыке. Өз шору өзүнө. Көрөсүң, эшек курту түшкөндө өзү келет (Кушубеков).
Көрбөгөндү көрсөтүү, азабын колуна берип, эсине келтирүү, жинин кагуу. Сенин эшек куртуңду кагабыз (Сыдыкбеков).
Көрбөгөндү көрсөтүү, азабын колуна берип, эсине келтирүү, жинин кагуу. Сенин эшек куртуңду кагабыз (Сыдыкбеков).